• 87
  • 91.29
  • 0.84

Данияр Амангелдиев "Тан Холдингинин" директору менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Тан Холдингинин" директору Тан Сипахи менен виртуалдык активдер, соода жана энергетика тармагындагы маселелерди талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган холдинг Түркияда инновациялык иштерди жүргүзүп, технологиялар жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып келе жатат.

Тараптар виртуалдык активдер, соода, энергетика тармагындагы маселелерди жана бул тармактарга инвестициялоонун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Тан Холдинг" – инновациялык ыкмасынын, технологиялар жана маалыматтык технологиялар тармагындагы ийгиликтүү долбоорлорунун аркасында тармакта көрүнүктүү орунду ээлеген уюм. Холдинг медиа, курулуш, мунай жана төлөм системалары сыяктуу стратегиялык тармактарда өзүнүн таасирин кеңейтүүнү жана диверсификациялоону көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий