• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.07.24. / Кабар/. Данияр Сатаров Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бүгүн, 23-июлда жаңы мэр муниципалитеттин жамаатына жана активине тааныштырылды.

Сатаров 1988-жылы 11-майда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде англис тили мугалими адистиги боюнча билим алган.

Буга чейин райондук администрацияларда ар кыл кызматтарды аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий