• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жарнамалоо тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өтүп жаткан министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун тартиби бекиди.

Документти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.

Анын айтымында, бул тартип дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоодо колдонулган терминдерди жана аныктамаларды ачып берет жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды рынокто жылдыруу, анын ичинде ЖМКда, электрондук маалымат ресурстарында, саламаттык сактоо уюмдарында жарнакты жайылтуу жана жайгаштыруу боюнча жол-жоболорду жана талаптарды аныктайт.

Мындан тышкары, документ жарнакка тиешеси жок материалдардын тизмегин берет жана жарнак материалдарына карата талаптарды, тийиштүү корутунду берүү үчүн аларды ыйгарым укуктуу органга берүүнүн тартибин, ошондой эле жарнактын этикалык критерийлерин аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий