• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Дарыгер Бишкектеги балдар клиникасынан дары каражаттарын уурдагандыгы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкектеги балдар клиникасында өзгөчө ири өлчөмдө дары каражаттарды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, милиция кызматкерлери 1340 ампуладагы күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген 1991-жылы туулган Ч.Т. аттуу жаран кызмат абалынан пайдаланып, “Д” аттуу ЖЧКнын клиникасынын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн.

Шектүү баңги каражаттарына түздөн-түз ээ болуу менен жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, бул аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Кармалган жаранга тийиштүү соттук экспертизалардын корутундусу менен укуктук баа берилери айтылды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий