Дарыгер кимге сарымсак сунушталбай тургандыгын айтып берди

Дүр дүйнө 0

Сарымсак — элдик медицинаны колдогондордун арасында иммундук системаны чыңдоонун эң популярдуу каражаттарынын бири. Сарымсак кимдерге сунушталбай тургандыгы тууралуу үй-бүлөлүк дарыгер, диетолог, BioData компаниясынын медициналык директору Анна Ишакевич айтып бергендигин РИА Новости агенттиги жазды.

Дарыгердин айтымында, көпчүлүк адамдар үчүн сарымсакты ченемдүү бир өлчөмдө жеп туруу пайдалуу. Анткени сарымсак вирустук инфекциялардын жайылуу мезгилинде организмдин иммундук коргонуусун күчөтүүгө жардам берет.

“Сарымсак иммундук системанын стимулятору. Ошону менен бирге, анын курамында вирустарга каршы турууга жардам бере турган цинктин жетиштүү көлөмү бар”, - деп түшүндүрдү дарыгер.

Диетолог белгилегендей, бир күндө 2 тишче сарымсак жеп коюу ашыкча болбойт, бирок адамдын ичеги-карын жана ашказанында кандайдыр бир оорулар болсо бул көптүк кылат.

“Айрым оорулары бар адамдар сарымсактан баш тартып коюусу туура. Ашказан жарасы, гастрити бар адамдарга сарымсак сунушталбайт”,- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий