• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Дарыгер сасык тумоо менен ооруган балага биринчи кандай жардам көрсөтүү керектигин айтты

Ден соолук 0

Бишкек, 11.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкек шаардык 3-балдар ооруканасынын педиатры Бейшегүл Дамирбекова "Биринчи радионун" түз эфиринде сасык тумоо менен ооруган балага үй шартында биринчи кандай жардам көрсөтүү керектигин айтып берди.

Дарыгердин айтымында, оорунун алдын алуу үчүн сөзсүз түрдө сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү зарыл.

"Ооруган балдардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар да бар. Алар үй-бүлөдөгү башка балдардан жуктуруп алышат. Бир жашка чейинки балдар үчүн өзүнчө бөлүм бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларда жөтөлдү байкасаңыз, температуранын көтөрүлүшүн күтүүнүн кереги жок. Балаңызды дароо үй-бүлөлүк дарыгерге алып барышыңыз керек. Эмне үчүн биринчи кезекте үй-бүлөлүк дарыгерге текшерилүүгө чакырабыз, себеби бул дарыгер бала тууралуу көбүрөөк билет, анткени төрөт үйүнөн чыккандан кийин эле бала кандай эмдөө алганын, аллергиясы барбы, канча салмак кошконун жана башка ушул сыяктуу”, - деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, баланын дене табы көтөрүлсө антипиретикалык дарыларды жана көп суюктуктарды берүү зарыл.

“Баланы ороп коюунун кереги жок, колу-буту суук болсо да, жеңил кийим кийүү керек. Дары дароо эмес, 30-40 мүнөттүн ичинде таасир этет. Эгерде температура сакталып, деми кысылып, кусуу байкалса, шаардык инфекциялык ооруканага кайрылсаңыз болот, ал дагы күнү-түнү иштейт. Вирустук оору болсо эреже боюнча ошол жерден дарылануу керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий