• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дастан-Али Шаршеев GPRO мелдешине катышат

Спорт 0

Бишкек,26.10.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандык Дастан-Али Шершеев 28-октябрда Россияда “GPRO-Region 150” мелдешине катышат. Бул тууралуу Шаршеев өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, башкы мушташта Шаршеев кикбоксинг боюнча дүйнө кубогунун эки жолку жеңүүчүсү Москвалык Иван Семиглятов менен беттешет.

Кыргызстандык спортчунун айтымына караганда, беттешке 100% даяр.

Бокс боюнча “GPRO-Region 150” турнири Москва облусунун Подольск шаардык аймагында өткөрүлөт.

Мелдеш “Боец” телеканалы аркылуу көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий