Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Дюшекеев Дастан Станбекович Кыргыз Республикасынын премьер-министринин маалымат катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий