Ташкент, 08.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын алтын-валюта кору 2025-жылдын 1-январына карата 0,7%га же 297,2 млн долларга кыскарды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын басма сөз кызматы маалымдады.
2025-жылдын башына карата алтындын жалпы кору 41,1 млрд долларды түздү, анын 32 млрд доллары алтында, 8,5 млрд доллары чет элдик валютада. Мында алтындын тоннасынын көлөмү 12,3 млн троя унциясын (382,5 тонна) түзгөн.
Өзбекстан башка өлкөлөрдүн борбордук банктарында жана Эл аралык валюта фондусунун эсептеринде 350 миллиондон ашык долларды сактайт.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын ноябрь айында Өзбекстан июль айынан бери биринчи жолу алтын запастарын көбөйтүп, 9 тонна алтын сатып алган.
Пикир
Оставить комментарий