• 87
  • 90.41
  • 0.84

Делегат: Чолпон-Атага туристтик борбор катары өзгөчө макам берүү керек

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Чолпон-Ата шаарына туристтик борбор катары өзгөчө макам берүү керек. Мындай сунушун III Элдик курултайдын делегаты Тынчтык Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул маселе мурда да көтөрүлүп, бирок шаар тургундарынын саны жетишсиз болгондуктан колдоо тапкан эмес. Эми административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бактуу-Дөлөнөтү айылы Чолпон-Атага кошулуп, жашоочулардын саны көбөйдү.

Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда жайкысын негизги жолдо 15 чакырымга созулган унаа тыгындарынан улам альтернативдүү жол куруу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий