Дем алыш күндөрү 4 адам сууга чөгүп, 2 адамдын сөөгү табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 3-июль /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын эки облусунда төрт адам сууга агып кеткен. Алардын арасында 8 жашар бала дагы бар экенин ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Ынтымак айылында Шамалды-Сай каналындагы сууга 8 жашар бала чөгүп кеткен. Куткаруучу кызматкерлер, баланын туугандары жана жергиликтүү тургундардын издөө аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. Бүгүн дагы издөө иштери уланууда.

Куткаруучулар ошондой эле, БЧКга чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издеп жатышат. Издөө иштери Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка айылынан Сары-Жонго чейин жүрүп жатат.

Москва районундагы Александровка айылында жайгашкан Беш-Өрүк көлмөсүнөн 2-июлда кечке маал 1985-жылы туулган А.М., аттуу жергиликтүү тургундун денеси табылган. Дагы бир 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси Аламүдүн районундагы Ленин айылындагы көлмөдөн табылган. Учурда анын ким экендиги такталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий