Дем алыш күндөрү Бишкекте күн ачык болот

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 31-майда жаан-чачын болбойт, күндүз абанын температурасы + 24…26, түндө + 8…10 жылуу болот.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, ошондой эле дем алыш күндөрү дагы борбор калаада күн ачык болот.

Ишемби, 1-июнда күндүз + 25…27, түндө + 9…11;

Жекшемби, 2-июнда күндүз + 26…28, түндө + 10…12.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий