Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Кечээ, 25 – июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын ден-соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” аттуу программасынын долбоорун талкуулады. Бул багытта Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри К. Чолпонбаев маалымат берди.
Министрдин айтымында, соңку жылдардын көрсөткүчтөрү боюнча республикада курак учук жана жүрөк – кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны азайган. Бул жагынан Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында экинчи орунда турат. Ошондой эле аталган программанын негизинде айылдардагы медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жагына да олуттуу көңүл бурулат.
Талкууда депутат А.Касымалиева “Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” аттуу программасын колдой тургандыгын билдирип, болгону анын алкагында аткарылуучу иштер секторлор аралык таризде жүргүзүлүш керек, - деп сунуштады. Эл өкүлү калктын ден соолугунун 8%ы саламаттык сактоо тармагына көз каранды болсо, калганы таза суу, таза аба сыяктуу жагдайларга байланыштуу экендигине токтолду. Ошондуктан, ал жергиликтүү бийликтер менен тыгыз иш алып баруу зарылчылыктарын кошумчалады.
Саламаттык сактоо министри айтып жаткан статистикалык маалыматтарга кайрылган депутат К.Иманалиев кургак учук дартынын көп катталганы жагынан Кыргызстан КМШ мамлекеттери арасында биринчи орунга чыккандыгын тандыра койбос бир топ мисалдарды санады.
1994 – 1997 – жылдардагы адамдын жашоо узактыгы 66 - 67 жашты түзгөн болсо, азыр депрессиялык кырдаалдан өттүк деген менен дагы деле ошол көрсөткүчтөн өйдөлөй албадык, - деген депутат орус президенти өз өлкөсүнө койгон талаптарды да тааныштырды. КМШнын башка мамлекеттеринде 10 миң балага 12 дарыгер туура келсе, бизде 10 миң балага 4 дарыгердин туура келиши саламаттык сактоо тармагындагы абалдын оордугунун далили, - деп белгиледи парламентарий.
Депутат А.Исмаилова гемодиализге кетип жаткан ири суммадагы каражаттар өзүн актап жатабы? – деген суроону коюп, мединадагы прикладдык аракеттерди көрө албай жаткандыгын билдирди. Кемин районундагы ооруканага туристтик мезгилде кошумча бир нече тез жардам унаасы керектигин да айтты.
“Элдин ден соолугун чыңдайбыз, - десек анда Эмгек кодексин так сакташыбыз керек. Болбосо, иштин нормадан ашыкча болгондугу адистерди алсыроого алып келгенден тышкары, инсульт, инфаркт сыяктуу дарттарга чалдыктырууда”, - дейт депутат Е.Строкова.
Медицинанын камсыздандырылган ыкмасы менен иштөө саламаттык сактоо тармагындагы жаңычылдык болмок, - деген пикирин билдирген депутат А.Алтыбаева Грузиядагы тажрыйбаларга токтолду.
Дарттардын сансыз аталышын айтып олтурбай, алардын негизги эки түрүнө гана кайрылган депутат Рыскелди Момбеков, - “Талаада каза болгондорду арактан кетти, - деп, дарылоодон майнап чыкпаганын рактан кетти”, - деп жыйынтык чыгарган учурлардын ачуу чындыгына басым жасады.
Талкуу соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калктын ден-соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” программасынын долбоору тармактык комитет тарабынан жактырылды.
Пикир
Оставить комментарий