"Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот". Президенттин кезектеги маеги

Президент 0

Өткөн аптада өлкөбүздө спорт сүйүүчүлөрүн, жалпы эле кыргызстандыктарды кубандырган бир катар жагымдуу жаңылыктар болду. Алсак, Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясынын ачылышы, "Барселона" легендаларынын Кыргызстанга келиши, эң башкысы Орок айылында жаңы стадиондун курулушу. Стадион кайсы каражатка курулууда мына ушул жана башка суроолор менен президент Садыр Жапаровго кайрылдык.

— Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам болду. "Барселона легендалары" менен "Азия легендаларынын" ортосундагы беттеште сиз да ойнодуңуз. Бирок биринчи тайм аяктап калганда чыгып кеттиңиз. Чарчадыңызбы же башка бир себеби барбы?

— Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. "Э-э-й жигит, кармабай ойно" деп күлүп кайрылсам, "sorry-sorry" (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир "Барселона" деген "Барселона" да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп.

— Сизди футбол эле ойноп жүрөт, башка иш кылбайбы деп сындаган жарандарыбыз да бар. Аларга эмне деп жооп бересиз?

— Кыргызда "Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Анысыңарындай күндө эле футбол ойноп жүрөт дейсиңерби. Убактым да жок. Бир жылда эки күн ойнойт экенбиз. Май анан декабрь айында министрликтер арасында Мурас аттуу футболдук турнир өтөт. Эмне үчүн бул турнирди уюштурдук. Жаштарга пропаганда, үлгү бололу дедик. Баңгичиликке кирип кетпей, жаман иштерге барбай, керээли кечке компьютерде олтурбай спортко кызыксын дедик.

"Спорт ден соолуктун булагы" дейт. "Ден соолугу таза улут болсо, ден соолугу таза өлкө болот". Жаштар биздин келечегибиз. Кары жашыбыз дебей баарыбыз жаштарды спортко үндөйлү. Мени сындап жаткандарга да кайрылам. Интернеттин артында күнү-түнү олтурбай спортко баргыла. Ошол пайдалуураак болот силерге. Пайдасынан башка спорттун эч кимге зыяны жок.

— Жалал-Абад жана Бишкек шаарындагы "Барселона" академиясынын келечегин кандай көрөсүз? Балдардын дараметине, дегеле бул долбоорго ишеним артып жатасызбы?

— Кыргызстаныбыз үчүн келечеги кең. Жакынкы аралыкта жемишин бербеши мүмкүн. Бирок 10-15 жылдан кийин сөзсүз берет. Азыркы өсүп келе жаткан өспүрүмдөрүбүз арасынан сөзсүз дүйнөлүк деңгээлдеги легендалар чыгаарына толук ишенем. Биз аларга азыртадан баштап даңгыр жол салып берип жатабыз. Арканды алыс ташташыбыз керек.

— Орок айылында стадиондун курулушуна старт бердиңиз. Курулуш кайсыл каражатка жүрөт? "Барса" менен чогуубу же мамлекеттин акчасынабы?

— Ал стадион толугу менен мамлекеттин акчасына курулат. 35 миң көрүүчүгө ылайык болот. Эл аралык мелдештерди өткөргөнгө ылайыкталып жатат. Дүйнөлүк стандартка жооп берет.

— Сиздин демилге менен Чолпон-Ата шаарында "Акылман" президенттик лицейи ачылды. Бул долбоор боюнча башкы максатыңыз эмне? Анан ага жетээриңизге ишенесизби?

— Башкы максатым өлкө боюнча таланттуу, зирек, акылдуу балдар-кыздарды чогултуп, аларды 7-класстан баштап мектепти бүткөнгө чейин окутуп, ошол мектептен жогорку окуу жайларга жиберип, жогорку окуу жайларды бүткөндөн кийин ар бирин калтырбай мамлекеттик иштерге тартуу максатын көздөп турам.

Антпесек Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жакка ооп кеткенбиз. Илгерки союз мезгили эсиңердеби? Кадрларды биринчи тепкичтен баштап даярдачу. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү. Мен мактангандай болбоюн. Мамлекетибиздин эмне болоорун, кайсы жол менен кетсек түз жолго түшөөрүн 20-30 жыл алдын ала көрө билген жагым бар. Алдын ала айткандарым дайыма туура келип калат. Бул мага Кудай тарабынан берилген сезим болсо керек. Негизи ар бир адамда болот мындай алдын ала сезимдер.

Учурда болуп жаткан жагдайларды көрүп туруп эле келечеги кандай болоорун божомолдоп койсоң болот.

Бул лицейден балдар-кыздарды жакшылап даярдап чыксак, алар бир кылым алдын ала көрө билген кадрлар болот. Азыр 21-кылым. Техниканын заманы. Мындан ары андан да жогору кетебиз. Ошол үчүн биз алдын ала 22-кылымдын кадрларын даярдап коюшубуз керек.

Кечээ эле эгемендигибиздин 32 жылдыгын белгиледик. Келечекте Кудай буюрса 100 жылдыгын дагы белгилейбиз. Ошондо бүгүнкү кадрлар аба менен суудай керек болот. Келечегибиз кайсы мамлекеттер менен болот экенин жүз жыл алдын ала аныктап турушат. Учугубузду улап кетишет.

Биз сөзсүз көздөгөн максатыбызга жетебиз. Ал үчүн баарыбыз тынымсыз күнү-түнү дебей эмгектенишибиз керек.

— Кыргыз-түрк ооруканасында бөйрөк алмаштыруу боюнча биринчи операция ийгиликтүү өттү. Бул багытта дагы кандай иштер жүрөт? Келечеги кандай болот?

— Бул иш Кыргызстаныбыздын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Түрк боордошторубуздан суранып, 140 дарыгерди алып келип, аларга бардык жашоо-шарттарын түзүп берип, 2-3 жыл биздин дарыгерлерди адамдын ички органдарын алмаштырууну окутуп бергиле деп сурандык. Алар макул болуп, Кудай буюрса иш башталды. Бул үчүн Режеп Тайып Эрдоган мырзага, түрк дарыгер боордошторубузга жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирем.

Бизде 3 миңге жакын гемодиализ алган жараныбыз бар. Аларга мамлекет жылына 3 миллиард сомго жакын каражат коротот. Эми ошолордун көйгөйлөрүн чечип берсек, мамлекет 3 миллиард сомду үнөмдөп калат. Бул акчага канчалаган социалдык көйгөйлөрдү чечсек болот. Эң башкысы жарандарыбыздын негизги көйгөйү болгон ден соолук көйгөйү да чечилип калат. Буга чейин чет өлкөлөргө барып, 60-70 миң долларга чейин алмаштырып келип жүргөн болсо, эми өзүбүздө 10 миң долларга чейин эле алмаштырса болот.

Бул борбордун келечеги кең. Орто Азияда биринчи болуп биздин өлкөдө ачтык. Бара-бара боорго, жүрөккө операция жасашат. Коңшу өлкөлөрдөн дагы кабыл алуу үчүн имаратын кеңейтүү шарттарын карап баштадык. Кошумча имарат куруп беребиз.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий