• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Спорт департаменти Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусунун Парижге барбай калганы боюнча түшүндүрмө берди

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусунун Парижге барбай калганы боюнча түшүндүрмө берди.

Анда Айбек Абдымомунов мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага лицензияны июнь айында алганын, машыктыруучуларды аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталганын айтты. Ал эми лицензиялык турнирлердин жыйынтыктары алдын ала белгисиз болуп жаткандыктан, башкы тренер гана аккредитациядан өткөнүн кошумчалады.

“Урматтуу калайык-калк, спорт күйөрмандары. Мушкерибиз Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга өтүп, жалпы журт түп көтөрүлө сүйүнүп турабыз. Соцтармактарда Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге барбай калганы талкуу болуп жаткан экен. Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок. Урматтуу мекендештер, Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө бир муштумга биригип, спортчуларыбызды бирге сүрөп туралы. Жалпы элди бириктирген, духун көтөрчү бул күндөрү башка нерсеге алаксыбай, элдин маанайын бузбай, Бир дем - бир Мекен деп бир муштумга биригели” , - деп белгиледи Айбек Абдымомунов.

Эске салсак, Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты. Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харвини утуп алган. Жарым финалдык беттештер 8-августта башталат.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтүүдө. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикир

Оставить комментарий