• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айбек Абдымомунов Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт департаментинде “Алыш” белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу өттү.

Департаменттен билдиришкендей, жолугушууга мданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министиринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, департаментке караштуу спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айдарбек Айтматов, “Алыш” белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана машыктыруучулары катышты.

Айбек Абдымомунов курама команданын жеңиши, жалпы элди кубандырганын белгилеп, спортчуларды куттуктады.

“Азия чемпионатында көрсөткөн ийгилигиңиздер биз үчүн чоң сыймык! Токтоп калбастан, алдыга ушул жол менен чыгасыздар деген ойдомун. Эң негизгиси ден соолугуңар бекем болуп, ушул өжөрлүк менен Дүйнө чемпионатында да өлкө желегин бийик желбиреткиле. Кыргыз спортуна анын ичинде, улуттук спорттун жайылышына кошуп жаткан салымыңыздар баа жеткис”, - деди департаменттин директору.

Өз кезегинде, машыктыруучулар жана спортчулар Департамент тарабынан берилген колдоого ыраазычылыгын айтышып, өз убагында уюштурулган окуу-машыгуу жыйындын натыйжалуу болгонун билдиришти.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын Джизак шаарында өткөн Азия чемпионатында курама команда жалпы 18 медаль (9 алтын, 4 күмүш 5 коло) жеңип, командалык эсепте экинчи орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий