• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы милдеттерди натыйжалуу аткарууга өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мыйзамда өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн баардык өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбиялык даярдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамда укуктук негиздерди бекиткен ченемдер каралган.

Кабыл алынган Мыйзам менен өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын аскердик-прикладдык дене тарбия даярдыгы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик программага кошумча негиз катары киргизилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 1181 “Кыргыз Республикасынын ӨКМде дене тарбия даярдыгы жөнүндө” буйругуна ылайык, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин жана кызматчыларынын дене тарбия даярдыгы өрттөн куткаруу иши боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга багытталган көнүгүүлөрдү, ошондой эле төмөнкү негизги ченемдерди аткарууга даярдоону камтыйт:

– окуу мунарасынын 3-кабатына орнотулган узартылуучу тепкич менен чыгуу;

– асма тепкичке чыгуу;

– бөлүмдү күжүрмөн жайылтуу ж.б.у.с.

Пикир

Оставить комментарий