• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Депозиттерди коргоо фондунун капиталы 7 млрд сомдон ашты – Кадырбек Букуев

Экономика 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 1,3 млрд сомго көбөйүп, жалпы 7,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу радиолордун биринде берген маегинде Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, калктын банктарга салган депозиттеринин көлөмү өсүп, каржы системасына ишеним жогорулап калды.

"Депозиттерди коргоо агенттигинин негизги максаты - финансы системасынын туруктуулугуна салым кошуп, тиешелүү иштерди жүргүзүү. Мыйзам боюнча биздин фонд коммерциялык банктардан чогулткан акча каражаттан жана төгүмдөрдөн турат. Бизде бүгүнкү күндө Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бар, алардын бардыгы депозиттерди коргоо системасында мүчө болуп катталган.

Мындан сырткары, дагы 2 микрофинансылык компания бизге мүчө болуп катталган. Жалпысынан биздин фонддо 23 мүчө бар. Калктын банктарга салган депозиттеринин көлөмү өсүп, каржы системасына ишеним жогорулап калды. Мунун аркасында быйыл агенттик алдына коюлган планды толугу менен аткарып, жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Быйыл фонд 1,6 млрд сомго көбөйүп, жыл аягына чейин 7,3 млрд сомду түзөт деп турабыз. Анализдер боюнча болжол менен эки жылда 10 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Биз мындан ары да маалыматтык кампанияны токтотпойбуз",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий