• 87.86
  • 93.94
  • 1

Депутат 2012-жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 7 тендер өткөрүлгөндүгүнө таң калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында үзгүлтүккө учурап келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Абдывахаб Нурбаев 2012-жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 7 тендер өткөрүлүп, бузулуп келатканын сынга алып, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде мындай долбоорлор эчак ишке ашырылып, ийгиликтүү иштеп жатканына токтолду. Эл өкүлү жүзөгө ашырылбай келаткан долбоорду парламенттер карап, талкуулап, тиешелүү чечим чыгарууну сунуш кылды.

Аталган көйгөйдү улаган депутат Алтынбек Сулайманов 8 жылдан бери жол кырсыгынан 8000дей жаран каза болгондугун, миңдеген кылмыш иштери ачылбай келатканын баса белгилеп, долбоорго КР Ички иштер министрлиги, Байланыш боюнча мамлекеттик комитет каршы болгондой деген пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, коңшу Казакстан менен Тажикстанда аталган долбоор 4-5 жыл мурун ишке кирген. Депутат А.Сулайманов бул иштин уюштуруу тартибин башка нукта жүргүзүүнү – мындай иштерди колдонууга киргизген дүйнөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорду ишке ашыруу сунушу менен чыкты.

Пикир

Оставить комментарий