• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Депутат Алтыбаева бөйрөк оорусунан жабыркаган Байтемирдин дарылануусу үчүн каражат тапшырды

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева бөйрөк оорусунан жабыркаган Байтемирдин дарылануусу үчүн апасы Найманалиева Анаркүлгө 30 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, өнөкөт гломерулонефрит дартына кабылган Найманалиев Байтемирдин апасы Найманалиева Анаркүл депутат Айнуру Алтыбаевага жардам сурап, кат жазган. Буга байланыштуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылып, натыйжада Дастанбек Жумабеков өзүнүн фондунан 30 миң сом бөлгөн.

Байтемирдин тез арада айыгып кетишин тилеген Айнуру Алтыбаева, оорулуга жардам берүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине расмий кат аркылуу кайрылгандыгын маалымдады. Учурда аталган мекемеден жооп күтүп жатканын айткан депутат, маселени өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий