Депутат Канат Исаев 12 жылга колонияга кесилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, Токмок шаарынын экс-мэри Канатбек Исаев мүлкүнөн ажыратылып, 12 жылга кесилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Исаев КР КК 303-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4 эпизоду боюнча айыпталган.

Алардын экөө боюнча кылмыш далилденбегендиктен акталды. Калган экөө боюнча депутат күнөөлүү деп табылды. Жалпысынан ага мүлкүнөн ажыратуу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жыл беришти.

Исаевге карата 2010-жылдын 26-апрелиндеги убактылуу өкмөттүн декрети колдонулуп, анын жаза мөөнөтү төрттөн бирге кыскартылган. Ошентип, депутат абакта 9 жыл отурат.

Болот Имамадиев жана Мирлан Эсенбеков мүлкүнөн ажыратылып, 8 жылдан эркинен ажыратылышты. Аларга карата дагы 2010-жылдагы убактылуу өкмөттүн декрети колдонулуп, мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды.

Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиев КР КК 221-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү катары табылышты. Бирок кылмыш мөөнөтү эскиргендиктен жаза белгиленген жок.

Соттолгондор Исаев, Имамадиев жана Эсенбаев сот залында камакка алынды.

“Кабар” агенттигине КР БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, мандатынан ажыратуу маселеси чечим акыркы инстанцияда кабыл алынып, соңку өкүмдөн кийин каралат.

Эскерте кетсек, Исаев муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мыйзамсыз бергени, шаардык китепкананын жана жатаканын имаратын мыйзамсыз сатуу, Токмок мэри болуп турганда шаардык бюджеттин эсебинен автостанциянын курулушу үчүн жалданма иштерди мыйзамсыз аткарууга берүү үчүн айыпталган.

Бактыбек Асыгалиев жалданма компаниянын ээси, Болот Имамадиев - экс-вице-мэр, Мирлан Эсенбеков- мэриянын муниципалдык менчигинин мурдагы жетекчиси, Любовь Чудинова – жеке компаниянын акционери, Сейталиев - мэриянын кызматкери жана Каныбек Аблабеков - «Торговый центр Токмок» ЖЧКсынын директору.

Пикир

Оставить комментарий