Депутаттар тобу өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө мыйзамдын долбоорун демилгеледи

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан Түркия, Кытай, Россия, Украина, Казакстан, Молдова, Польша сындуу өлкөлөрдө өзгөчө экономикалык аймактарды түзүүдөгү эл аралык тажрыйбаны узак талдоонун натыйжасында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Махабат Мавлянованын айтымында, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору өзгөчө экономикалык аймактардын негизги түрлөрүн, түзүү, иштетүү жана жоюу жол-жоболорун, резиденттердин ишин башкаруу, резиденттердин статусун аныктоо маселелерин, мамлекеттик колдоо чараларын жана башкаларды аныктайт. “Мыйзам долбоорунда өзгөчө экономикалык аймактардын: өнөр жайлык-өндүрүштүк, инновациялык-технологиялыкжана туристтик-рекреациялык түрлөрү киргизилет”, - деди ал.

Аймактардын ар бир түрү Кыргызстандын региондорунун муктаждыктарына таянуу менен түзүлөт. Алар чакан аянтта жайгашышы, ошондой эле бүтүндөй региондордун аймагын камтышы мүмкүн экени белгилүү болду.

Депутат Бактыбек Турусбеков өзгөчө экономикалык аймактар эркин экономикалык аймактарга атаандаш түзүлүш болсо, анда эркин экономикалык аймактардан айрылып калышыбыз мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми Улугбек Ормонов “эркин экономикалык аймактар турганда өзгөчө экономикалык аймактардын эмне кереги бар?” деген собол салды.

Баяндамачы өзгөчө экономикалык аймактар менен эркин экономикалык аймактар өз өзгөчөлүгү менен өзүнчө иш алпара турганын билдирди. “Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, алар бири-биринин өнүгүшүнө жолтоо болбойт. Алардын концепцияларында айырмачылыктар бар”, - деди Махабат Мавлянова.

Депутат Чыныбай Турсунбеков өзгөчө экономикалык аймактарды түзүп, анан анда ишкана ачкан ишкерлерди салыктан бошотуп отурбай эле, жаӊы ишкана ачкан ишкерлерге баарын белгилүү бир мөөнөткө чейин салыктык жеӊилдик берип коюуну сунуштады. “Өзгөчө экономикалык аймактарды түзүп, анан анда ишкана ачууга уруксаат берүүчү башкаруучу топту түзүү сындуу аракеттер коррупциядан башкага алып келбейт”, - деп кошумчалады ал.

Мындай пикирди депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Элвира Сурабалдиева да колдоду.

Андан тышкары жогорудагы мыйзам долбоору менен бир пакетте каралган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы да добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал аркылуу Салык кодексине, Жер кодексине, Токой кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий