• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Депутаттар Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 04.10.29. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы ипотекалык турак жай объектилеринин курулушу менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү «Asman residence-1», «Asman residence-8» (Малашева көчөсү № 51 и №61), «Asman residence-9» (Ж. Абдрахманов көчөсү №10), «Asman residence-3» (Жеңи-Жок көчөсү № 4а), «Asman residence-2» (Манас - Р.Азимов көчөлөрүнүн кесилиши) «Asman residence-7» (Достук көчөсү) «Asman residence-10» (З.Жамашев көчөсү №165) курулуп жаткан турак жайларды көрүп чыгышты.

Аталган объекттер боюнча маалыматты «Бест Хаус Гранд» курулуш ишканасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын өкүлдөрү беришти. Бардык батирлер толугу менен оңдолуп, тапшырылат. 1 чарчы метрдин баасы 650 АКШ долларын түзөт. Көп кабаттуу үйлөр заманбап балдар аянтчаларын жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайларды эске алуу менен 9дан 15 кабатка чейин курулат.

Ал эми Сузак районунда эл өкүлдөрү Ленин айылындагы «Asman residence-4» (Н.Порошай көчөсү), Сузак айылындагы «Asman residence-6», «Asman residence-5» (А.Юнусов көчөсү) объектилери менен таанышты. Бул жерде 5 кабаттуу үйлөр керектүү канализация тармактары менен чогуу курулат. Объекттердин жер титирөөгө туруктуулугу – 9 баллдан жогору. Ошону менен бирге балдар аянтчалары, жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлар да каралган.

Депутаттар аталган объектилер боюнча бир катар маселелерди такташып, муну менен катар Жалал-Абад шаарында турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандардын санына кызыгышты.

Пикир

Оставить комментарий