Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо: 12:00гө карата шайлоочулардын катышуусу

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, саат 12:00гө карата жалпы 23 миң 710 адам, же шайлоочулардын 7,61%ы добуш берди. Анын ичинде:

  • №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан – 10 миң 550 (11,59%);
  • №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан – 7 миң 365 (7,57%);
  • №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан – 5 миң 795 (4,71%).

Пикир

Оставить комментарий