Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. 918 адам сырттан добуш берди

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 918 адам шайлоо тилкесинен сырткары добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, сырттан добуш берүү өтүнүчү менен 993 шайлоочу арыз берген: №5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 299, №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча - 100 жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча – 594.

Ошентип, №5 Ноокат шайлоо округунда – 282 (94,31%) шайлоочу добуш берди, анын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 128;
  • майыптыгы барлар - 54;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 100;
  • добуш берүүгө катышкан жок — 17 шайлоочу;

№36 Ысык-Көл шайлоо округунда – 89 (89%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 36;
  • майыптыгы барлар - 34;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –19;
  • добуш берүүгө катышкан жок – 11 шайлоочу.

№29 Свердлов шайлоо округунда – 547 (92,09%) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 190;
  • майыптыгы барлар - 87;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 272;
  • добуш берүүгө катышкан жок – 47 шайлоочу.

Эскерте кетсек, бүгүн аталган үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий