Дин аалымдары кургак учук илдети менен жабыркаган адамга акчалай жардам көрсөтүштү

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаардык казыятынын «Жанбото Ата» мечитинин жамааты мечитке жакын жашаган бейтапка жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу мечиттин имам хатиби Камилжан ажы Муратов билдирди.

Анын айтымында, бул жолу көп жылдан бери кургак учук оорусу менен жабыркап келген Бакытбек аттуу жигитке дары дармек үчүн аз да болсо жардамдарын көрсөтүштү.

«Мусулман адам колдон келген жардамын бериш керек. Хадисте маанисинде айтылгандай, садаканын аз көбү болбойт. Эң негизгиси оорулуунун көңүлүн сурап, батаасын алып кайтуу. Биз бир нече айдан бери бул иш-чараны улантып келе жатабыз. Буюрса дагы да уланта беребиз»,- деди Муратов.

Пикир

Оставить комментарий