• 87
  • 90.63
  • 0.79

Дин иштери боюнча мамкомиссия Ошто эл менен жолугушууларды өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Ош облусунун 7 районунда атайын эл менен жолугушуу уюштурулду.

Комиссиядан билдиришкендей, жолугушуулар 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын, 2023-2027-жылдарга КР министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чарага Дин комиссиясынын, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, Ош облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери катышып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамаларды жасашты.

Ошондой эле диний жана улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо, ыксыз чыгымдарга жол бербөө, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун кесепеттери, динде аша чабуунун зыяны, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, көрүстөндөгү тосмолорду иретке келтирүү боюнча укуктук жана усулдук маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий