Президент Садыр Жапаров дин жаатындагы мыйзамга кол коюп, кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Эксперттердин баамында, мамлекет башчысы буга чейин эч ким батына албаган өтө маанилүү кадамды жасоону чечти. Ошол эле учурда Садыр Жапаров жарандардын сезимине чоң жоопкерчилик жана урмат сый менен мамиле кылган. Мындай чечим аалымдар кеңеши, муфтияттын өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен кабыл алынганы белгилүү болду.
“Бул мыйзамды каршы пикир менен кайтаруумду суранган, динди катуу карманган жарандарыбыз болду. Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишимди суранган, светтик көз караштагы жарандарыбыз да бар”, - деди президент кайрылуусунда.
Буга чейин мамлекет башчы “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштелип жаткан мыйзам долбоорун диний өкүлдөр менен биргеликте көп ирет талкуулаган. “Дин жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр салттуу исламды коргоо жана коомдун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Долбоор төрт ай мурун коомдук талкууга чыккан. Андан кийин деле президент дин аалымдары менен көп эле жолугушуларды өткөргөн. Мамлекет башчы дин маселесине өзгөчө көңүл бургананын себебин да белгилеген.
“Мен, мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок, мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы”,- деген президент кайрылуусунда
Эске салсак, дин маселесине мурдагы бийликтегилер жакшы көңүл бурушкан эмес, диний чөйрө мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып калган десек болот. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле, республикада диний чөйрөнү эркин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. Аны менен уюмдардын диний, коомдук, өндүрүштүк, чарбалык жана башка ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөр дагы алынып салынган.
Эксперттердин айтымында, 2008-жылы кабыл алынган дин мыйзамы менен жашап келдик. Андан бери динге сөзсүз таасирин тийгизип келген, дүйнөдөгү кырдаал кыйла өзгөрдү.
«Диний чөйрөдөгү кырдаал тынымсыз өзгөрүп турат, биз жалпы дүйнөдө эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Демек, бул белгилүү бир оңдоолорду жана түзөтүүлөрдү талап кылат. Ошондуктан кол коюлган мыйзам абдан маанилүү, анткени ал заманбап тенденцияларды жөнгө салат жана пайда болгон чакырыктарды жумшартат. Бул мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилени аныктап, жөнгө салат”,- дейт белгилүү теолог жана улуттар аралык ынтымак жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү Кадыр Маликов.
Биздин өлкөдө сырттан башкарылган көптөгөн диний агымдарды камтыган борборлор, жамааттар бар экени жашыруун эмес. Алар узак убакыттын ичинде экономикалык, ал тургай кээ бир жерлерде таасир этүүчү социалдык базаны түзүп алышкан. Ал эми кээ бирлеринин саясий институттарга таасири бар. Дин эркиндиги үчүн кээ бир эл аралык институттар тарабынан миссионердик ишмердүүлүктү кеңейтүү үчүн сырттан кысым көрсөтүлүп келет. Алар көбүнчө эркиндик жана тандоо болушун каалашат. Мыйзамды кабыл алуу жараяны ушундан улам кечеңдеп, коопсуздукка жана диний кырдаалдын өнүгүшүнө таасирин тийгизип келет.
Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулу “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде, эгер мамлекеттин диний чөйрөсүндө чет элдик агымдардын таасири бар болсо, мамлекет үчүн кандай тобокелчиликтер болорун белгиледи.
«Биздин аймактагы салттуу ислам – бул билим аркылуу динди абдан тынч кабыл алуу. Негизги ураан — жергиликтүү дин аалымдарынын биринин: «Дин башта, кол иште» деген сөзү. Мамлекет туура багытка кадам таштоо керектигин түшүндү. Бүгүнкү күндө бизде коңшу айылдардын ортосунда имамга карап, исламды чечмелөө болуп жаткан жагдай бар. Мыйзам сөзсүз керек, ушундай жол менен мамлекетти сактап кала алабыз", - деп жыйынтыктады Эдил Марлис уулу.
Президент өз кайрылуусунда Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердүүлүгүн улантып жаткан агымдарды тизмелеп берди.
“Бул агымдарга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатышат. Себеби тыюу салынбаган агымдар тарабынан да ар кандай китеп, баракчаларды таратуу күн санап күчөп жатат. Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат”,- деди президент.
Мындай диний агымдардын негизги максаттары башка экени баарына маалым, ошондуктан бул кабыл алынган мыйзам бугүнкү күндүн талабы деп белгилейт эксперттер.
Дааватты жөнгө салуу жана коомдук жайларда жана коомдук иш-чараларда жеке идентификациялоого жол бербеген кийимдерди кийүүгө чектөө киргизүү боюнча сунуштар бурмаланып кеткенине бардыгыз күбөбүз. Мыйзамга түзөтүүлөр иштелип чыкканга чейин ар кандай социалдык изилдөөлөр жана сурамжылоолор жүргүзүлүп, жарандардын көпчүлүгү үймө-үй кыдырууну чектөөнү суранышкан. Бул негизинен коопсуздук маселесине байланыштуу болгон.
“Президент дааватка тыюу салбаганын ачык айтты. Болгону бул маселе тереңирээк изилденип, иштелип чыгат. Муфтият менен аалымдар кеңеши жарандарга динди терең билген, руханий билими жетиштүү болгон дааватчылардын келиши үчүн эрежелерди иштеп чыгышы керек. Качан гана бул нормалар аныкталганда, даават мурдагыдай жүргүзүлөт. Бирок азыр бул чөйрөнү жөнгө салуу, таза Исламды коргоо деп эсептеймин. Муну менен бирге башка кызыкчылыктарды көздөгөн тышкы башкаруу борборлору бар кыймылдардын кирип кетишинен жана таасиринен коргонуу. Себеби, булардын артында башка мамлекеттер жана башка кызыкчылыктар турат”,- дейт теолог Кадыр Маликов.
“Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик коопсуздукту камсыздоого, улуттук кызыкчылыктарды коргоого, диний экстремизм менен терроризмдин алдын алууга, ошондой эле салттуу баалуулуктарды колдоого багытталган. Буга эксперттер дагы өтө маанилүү деталдарды кошумчалайт, мамлекеттик эгемендүүлүктү, тынчтыкты сактоодо, социалдык бөлүнүүнү болтурбоодо, бардык адамдар диний көз караштарына, улутуна жана социалдык абалына карабастан биримдикте болууга тийиш.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий