• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

“Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам пост советтик өлкөлөрдөгү эркин, либералдуу мыйзам - Шыкмаматов

Коом 0


Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. “Дин тутуу эркиндиги жөнүндө” мыйзам пост советтик мамлекеттердеги эң эркин, либералдуу дин мыйзамы. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине президенттин жардамчысы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтмында, дин тармагындагы күчтүү аалымдар, муфтияттын өкүлдөрү менен бирге кызуу талкуу жүргүзүп, мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен дыкат иликтенип чыкты.

"Мыйзам долбоору боюнча пикирлердин бардыгы 2 айдан ашык убакытта ар тараптуу талданып, орток пикирге келиштик. Бул мыйзамдын эң башкы максаты дин тармагындагы бирдиктүү тартип менен ынтымакты, бир жамаат, бир муштумга түйүлүп басымдуу ислам динин карманган мамлекетибизде ынтымактуулукту жана ырашкерликти камсыз кылуу. Учурда заманбап жаңы технологиялар, интернет баракчалар, социалдык тармактар аркылуу бир киши эмес, жүздөгөн, миңдеген кишилерге даават айтып, ыйман жолуна чакырууга болот", - дейт президенттин жардамчысы Алмамбет Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, "Дин тутуу эркиндиги жөнүндө" мыйзам долбоорундагы бир, эки маселе такталып, андан кийин парламентке жөнөтүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий