Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштардын бир бөлүгү диний ишенимдерди саясий максаттар үчүн курал катары колдонгон күчтөрдүн айынан келип чыгары жашыруун эмес. Алыска барбай эле, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды алсак, бир диндин эле өкүлдөрү бири-бири менен согушуп, «биздин окуубуз туура, силердики туура эмес» деп жатышат.
Кыргызстан светтик, полиэтникалык жана көп диндүү өлкө болгондуктан, туруктуулук менен тынчтыкты сактоо – жалпы атуулдук жоопкерчиликтүү милдет. Бирок өлкөбүздүн туруктуулугун бузгусу келген жана диний ишенимдерди деструктивдик максатта колдонгусу келген сырткы жана ички күчтөр бар экени да жашыруун эмес.
Мына ушундай коркунучтарды эске алуу менен, президенттин диний сабаттуулукту жогорулатууга жана жоопкерчиликти арттырууга багытталган саясаты, биринчиден, экстремизмге каршы туруунун негизги жолун көрсөтөт жана коомдун биримдигин бекемдейт. Экинчиден, этностор жана диндер ортосундагы диалогду өнүктүрүп, өз ара түшүнүшүүнү жакшыртат.
Кыргызстандын туруктуу келечеги – биримдикте жана билимдүү, сабаттуу коомду калыптандырууда жатат деп ойлойм.
Эске салсак, күн мурун президент Садыр Жапаров "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" КР мыйзамына кол койгон. Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Тимур Саралаев, серепчи
Пикир
Оставить комментарий