• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Динара Кемелова БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери менен тоо иштеринин күн тартибин илгерилетүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Кыргызстандагы системасынын өкүлдөрү жана Алматы жана Рим шаарларында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Өз сөзүндө Динара Кемелова катышуучуларга Кыргызстанда көрүлүп жаткан чаралар жана тоо демилгелери тууралуу, ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясын жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди” ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Динара Кемелова тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу, тоолуу региондордун тургундарынын инфраструктурага, сууга, энергетикага жана санитарияга жеткиликтүүлүгү, анын ичинде аялдардын, балдардын жана башка аялуу топтордун жашоо шарттарын жакшыртуу жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле акыркы күндөрү Кыргызстанда болуп жаткан мөңгүлөрдүн эриши жана сел сыяктуу табигый кырсыктарга өзгөчө көңүл бурду.

БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве БУУнун бүткүл структурасынын атынан Кыргызстандын өкмөтү менен тоо маселелери жана климаттын өзгөрүүсү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

БУУнун адистештирилген агенттиктеринин, уюмдарынын жана программаларынын, ошондой эле Тоо шериктештигинин катчылыгынын жетекчилери тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, өлкөдө тоолорду туруктуу өнүктүрүү , климаттын өзгөрүшү, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана табигый кырсыктарга жана катаклизмдерге каршы күрөшүү маселелери боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлору тууралуу маалымат беришти.

Тараптар ошондой эле КР президентинин “2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Жол картасын ишке ашырууну талкуулашты.

Динара Кемелова бул Жол картасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча КР мамлекеттик органдары менен БУУнун түзүмдөрүнүн биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын соңунда катышуучулар тоолор күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча мындан аркы кызматташуу максатында жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий