Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө 91 эстелик талкаланган. Облустагы диний уюмдардын өкүлдөрү аларды кайра калыбына келтирүүгө жардам беришүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан кабарлашты.
Ошондой эле жергиликтүү тургандар, милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары жана башка диний уюмдардын өкүлдөрү дагы жардам көрсөтүүдө.
Бул иш-чаранын катышуучулары бардык диндин өкүлдөрү өз ара тынчтыкта жана биримдикте жашап, бири бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп туруш керек деген пикирде.
Келечекте мындай вандализмге жол бербей, күнөөлүүлөр өз жазасын алуусу керек деп кошумчалашты.
"Биз өлкөдө диний чөйрөдө демократиялык принциптерди сактап жана аларды өнүктүрүшүбүз керек. Кайсы динге сыйынуу – бул ар бир жарандын өз эрки жана бул ошол бойдон калуусу керек. Азыр атайын күчтөр өлкөдөгү диний кырдаалды курчутуу максатында иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Биз бул күчтөргө конфессиялар арасындагы тынчтыкты бузууга жол бербешибиз керек", – деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов.
Эске салсак, 11-январда белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө 91 эстеликти талкалап, кресттерди сындырып кетишкен.
Кылмыштын күнөөкөрлөрү аныктала элек.
Ананьево Ысык-Көл облусунун көп улуттуу ири айыл өкмөттөрүнүн бири.
Пикир
Оставить комментарий