• 87
  • 90.41
  • 0.84

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Владимир Путин Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдоду

Президент 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕврАзЭСтин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу мамилелердин бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо текстинде.

Россиянын президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга — тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий