• 87
  • 90.55
  • 0.84

Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталары бүгүн, 12-сентябрдан тарта күчүнө кирди.

Белгиленгендей, Кыргызстан жана Япониянын жарандары – дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына визасыз кире алышат.

Мындай макулдашуу 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ноталарды алмашуу учурунда жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий