• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дистанттык окутуу. Жалал-Абадда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары сыналгы менен камсыздалат

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусундагы 264 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары сыналгы менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун облус башчысы Нурболот Мирзахмедов район-шаарлардын башчылары менен онлайн жыйын өткөрүп, окуу жылына карата бир катар даярдык көрүү тапшырмаларын берген.

Жыйында өкүл кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу режиминде ар бир балага тийиштүү шарттар жаратылып, сабактардан артта калбашы керектигин айтты.

"Аймактардан буга чейин Аксы району муктаж үй-бүлөлөрдө билим алган балдарды толук сыналгы жабдыгы менен камсыздаган. Мында салыштырмалуу Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда керектөөлөр жогору экени айтылып, бир жуманын ичинде маселени жолго коюу тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусундагы 464 мектепте 235 миңден ашуун окуучу билим алат. Бул жылы 22 миң 279 окуучу биринчи класска барат.

Пикир

Оставить комментарий