ДКО-2018: Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан эң көп делегаттар келишкен

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 02.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россия, Казакстан жана Өзбекстан эң көп делегаттар келишти, алардын арасында Кыргызстанда да бар. Бул тууралуу Чолпон-Атада журналисттер менен болгон жолугушууда КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, УОКнин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, делегаттардын көп экендигине карабастан, учурда медалдык эсеп боюнча кайсы өлкө лидер боло тургандыгын айтууга эрте.

“Атаандаштык абдан жогору, медалдардын көпчүлүгү күрөш өнөрү боюнча ойнотулат. Ал жакта ар бир өлкөдөн күчтүү спортчулар келишкен. Улуттук спорттун турлөрү да бар. Алсак, казак күрөшү – анда казак мушкерлери абдан күчтүү, түрк күрөшү боюнча түрктөрдүн балбандары күчтүү. Ошондуктан да азыр кайсыл өлкө медалдык эсеп боюнча алдыга чыга тургандыгын айтууга эрте, менимче биздин спортулар да жакшы жыйынтык көрсөтүшөт”, - деп билдирди Аманкулов.

“Албетте, биздин команда медалдык эсеп боюнча лидерлердин арасында болот”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 2500 спортчу каттоодон өткөн. Учурда 66 өлкөдөн жана РФнын 11 субъектисинен 1500 жакын спортчулар келишти. Андан тышкары 200дөн ашык калыстар келишкен.

Пикир

Оставить комментарий