• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ДКО - 2024: Алыш бел боо күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен үчөө алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.

Эркектер арасында Баяман Абидинов (60 кг) жана Ирлан Казбек уулу (80 кг) V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Калысбек Каюмов (70 кг) жана Азизхан Мусабек уулу (90 кг) коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында Нагира Сарбашева 75 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болду. Нурзат Бактыяр кызы 65 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Динара Камчыбекова 70 кг чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Ал эми кыз-келиндер арасында Ажар Исаева 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Курама команда машыктыруучусу Райкан Курмановдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий