• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

ДКО- 2024: Кыргызстандын көк бөрү жана көк пар курамалары финалдык беттеште Казакстан менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 12-сентбрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улак (көк пар) боюнча финалдык оюндар болот.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Кыргызстандын көк бөрү жана көк пар курама командалары финалдык беттеште Казакстандын курамалары менен ойнойт.

Көк-бөрү боюнча оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 17:30 да башталат. Ал эми жер улак (көк пар) беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.

Финалдык оюндар УТРК спорт теле каналынан түз эфирден көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий