• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ДКО - 2024: Жаачы Асел Садырова дагы бир медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 11.09.2024 /Кабар/. Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Асел Садырова "Калкан" стили боюнча салттуу жаа атуу боюнча 3-орунду ээледи.

"Калкан" стилинде жаа атуу боюнча индонезиялык Сури Рено жеңүүчү болсо, россиялык Анна Алексеева экинчи орунду ээледи.

Жаа атуу мелдештери эң атаандаштык болуп саналат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында башка спорттун түрлөрүнө караганда спортчулар көбүрөөк катышат. Маселен, бүгүн калкан стилинде ок атуу боюнча 33 өлкөдөн 120 эркек жана 60 аял ат салышты.

Эскерте кетсек, кечээ Асел Садырова салттуу жаа атуу боюнча "Пута" стилинде 2-орунду багындырып, улуттук курама командага эки медаль алып келди.

Пикир

Оставить комментарий