• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” партиясынын мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Добуш сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды.

Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган.

Анын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-Демократ” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий