• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Билим министри коммуникация тармагында дүйнөнүн алдыңкы корпорациясынын директору менен жолугушту

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 11.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ZTE корпорациясынын башкы директору Цао Хун менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Smart Education долбоорунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өз кезегинде ZTE корпорациясынын өкүлдөрү кыргыз тарапты Монголиядагы санариптик билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышууга чакырды.


Белгилей кетсек, өнөктөштүк өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен билим берүү тармагындагы санариптик ажырымды жоюуга багытталган.


Маалымат үчүн: ZTE корпорациясы – телекоммуникациялык жабдууларды жана тармактык чечимдерди чыгарган дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания дүйнө жүзү боюнча ишканалар, мамлекеттик органдар менен кызматташып, коммуникация тармагында алдыңкы технологияларды, санариптештирүү жана интернет продукция менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий