Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды
20/05/21 18:18 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий