• 87
  • 90.41
  • 0.84

Доха шаарында кыргыз-катар биргелешкен бизнес форумун өткөрүү пландалууда

Саясат 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Күн мурун Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Соода өнөр-жай палаталарынын башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Мухаммед бин Ахмед Тувар Аль-Куварий менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар соода экономикалык кызматташтыгын бекемдөөнүн жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы мамилелерди түзүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар жакында Доха шаарында кыргыз-катар биргелешкен бизнес форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн ар дайым тыгыз байланышта болуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий