• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Дохада Кыргызстан менен Катардын футбол курама командалары беттешет

Спорт 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. 10-октябрда Доха шаарында Кыргызстан менен Катардын футбол курама командаларынын беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш "Аль-Тумама" стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Оюндун калыстар бригадасын сингапурлук ФИФА калысы Мухаммад Бин Жахари жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери - Абдул Бин Абдул Хасим жана Энди Минт Лант жардам беришет. Ал эми малайзиялык Сухаизи Бин Шукри резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында япониялык адис Ийда Жумпей иштеп, ага кытайлык Фу Минг жардам берет.

Белгиленгендей, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий