• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Дохада Кыргызстан менен Катардын медициналык кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын “Хамад медицина фондунун” кулак жана мурун бөлүмдөрүнүн башчысы доктор Абдусалам Аль-Кахтаний менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен бюилдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосундагы медицина жаатында эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, угуусу начар жаш балдарга "кохлеардык имплантация" операцияларын жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келе жаткан катарлык дарыгерлер делегациясынын иш сапарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар пландарды мындан ары ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий