• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Дохада Кыргызстан менен Катардын соода жүгүртүүсүн арттыруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын Соода жана өнөр-жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана соода келишимдери департаментинин директору Салих Абдулла Аль-Маниг менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар соода-экономикалык кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруунун келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы келечекте Кыргыз-Катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүүнү даярдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий