• 87
  • 90.63
  • 0.79

Дохада өткөн эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. 25-27-ноябрда Доха шаарындагы көргөзмө борборунда Qatar Travel Mart (QTM) 2024 эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Кыргызстандын Катардагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашты.

Көргөзмө учурунда КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана кыргыз туроператорлору өлкөнүн туристтик ресурстарынын кеңири спектрин сунуштап, башка өлкөлөрдүн туристтик компаниялары менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн Global Village сахнасында Кыргызстандан катышуучулар "Эсимде" аттуу кыргыз ырын жана А.Огомбаевдин "Маш ботой" аттуу чыгармасын аткарышты.

QTM-2024 эл аралык көргөзмөсү 30дан ашык өлкө жана 70 туристтик компанияларды бириктирип, адистерге тажрыйба алмашуу жана туристтик бизнес чөйрөсүндөгү жаңы тенденцияларды талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий