• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Документтерин тактап, толуктоо зарыл. Ош мэриясы ипотека ала тургандарга кайрылат

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ош шаардык мэриясы ипотека алчуларга кайрылып, документтерин тактап, толуктоо зарылдыгын билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Ош мэриясынын батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясы тарабынан Ош шаарынын, Достук кичирайонунун, №83 көчөсүнүн 25-дарегинде жайгашкан көп батирлүү турак үйүндөгү батирлерди бөлүштүрүү иштери аткарылууда.

"Бул боюнча ипотекалык комиссия тарабынан 2005-2015-жылдар арасында арыз берген жарандардын документтери каралып, тактоого жөнөтүлдү. Ошондуктан 2005-2015-жылдар арасында ипотекалык шартта үй алууга арыз берген КРнын жарандары тапшырган документтерин тактап, толуктоосу зарыл экендигин белгилейбиз. Эгерде жарандар белгиленген мөөнөткө чейин келип документтерин тактабаса, 2021-жылдын 28-сентябрындагы Ош шаардык Кеңешинин №11 токтому менен бекитилген "Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө" Жобосунун 5.20 пунктунун негизинде арызы кароосуз калтырылат жана каттоодон чыгарылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жарандар кошумча маалымат же документтерин тактоо үчүн Ош шаары, Ленин көчөсү 318, 306-кабинет.

Пикир

Оставить комментарий