• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Донорлордон алынган каражаттын 44,1 млн доллары ММК фондуна берилген. Алар кайсы жакка жумшалган?

Экономика 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Эл аралык донорлордон алынган каражаттын 44,1 млн доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Ал белгилегендей, эл аралык донорлордон үч багыт боюнча каражат тартылып келүүдө: бюджетти колдоо үчүн, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштерине жана экономиканы колдоо.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынган. Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого, 44,1 млн доллар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилсе, 29 млн доллар экономиканы колдоого жумшалган.

Ал Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилген каражаттар кандай жумшалганын айтып берди:

- жеке коргонуучу каражаттарга - 5 млн 397,2 миң доллар;
- дезинфекциялоочу каражаттарга - 1 млн 305,9 миң доллар;
- лабораториялык реактивтерди алууга - 73,8 миң доллар;
- дары-дармекке - 8 млн 166 миң доллар;
- медициналык багыттагы каражаттарга - 11 миң доллар;
- жасалма дема алдыруучу аппарат, БИПАП, ЭКГ, монитор ж.б. жабдыктарга - 1 млн 503,3 миң доллар;
- чарбалык товарларга - 20,2 миң доллар;
- тез жардам унааларына - 764,9 миң доллар;
- дарыгерлерге маяна жана кенемте төлөөгө - 24 млн 952,2 миң доллар;
- тамак-аш сатып алууга - 1 млн 526 миң доллар;
- оңдоо иштерине - 381,7 миң доллар.

Пикир

Оставить комментарий