Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкектин "Дордой" конушунда жаңы бала бакчанын курулушуна конкурс жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага ылайыкталган. Долбоорлук-сметалык документациясы толук аяктагандыгы айтылат.
"Тендер мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу ишке ашат. Бала бакчада оюн бөлмөсү, ашкана, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуучу жана медициналык бөлмө, музыкалык-гимнастикалык зал болот", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы бала бакчанын алгачкы сметалык баасы 48 млн 398 миң 113 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.
Пикир
Оставить комментарий